www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин 7-июнда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренковго Херсон облусундагы сел жүргөн аймакта калкка жардам көрсөтүү жана селдин кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу журналисттерге Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков билдирди.

«Владимир Путин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренковго Херсон облусунда Киев режиминин Кахов ГЭСиндеги диверсиясынан улам келип чыккан сел кесепеттерин жоюуну, элге жардам көрсөтүүнү тапшырды», - деди Песков.

Кахов ГЭСинин дамбасынын жарылуусу 6-июнга караган түнү болуп, суунун көзөмөлсүз агызылышына алып келген. Натыйжада ондогон конуштарды дээрлик толугу менен суу каптаган. Станция дээрлик суу астында калып, миңдеген адамдар эвакуацияланган. Жети адам дайынсыз болууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости