www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германия Кыргызстанга кайтарымсыз негизде грант катары 11,5 миллион евро каражат бөлгөн. Аны мугалимдерге, врачтарга, маданият кызматкерлерине ипотекалык үй куруп берүү үчүн мамлекет Ипотекалык компаниянын карамагына берген. Кызыгы, бекер кайтарамсыз келген каражатты Ипотекалык компания, банктар, Каржы министрлиги элге 10-12% менен берип, пайда көрүү схемасын иштеп чыгып алышканын Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов сынга алып, акыйкат пикирин айтты.
Бул жагдайга байланыштуу Искендер Матраимов Ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнованы талылуу суроолор менен бурчка такап, жок жерден элдин жонунан пайда тапкысы келген шумпайлардын жоругу туурасында калыс сөзүн билдирди.
Эл өкүлү Искендер Матраимов:
- Справканы биз толук окуп чыктык да. Германиядан бизге грант менен акча келип жатат. Аны сиздерге берип жатат. Сиздер ал акчаны 10 пайыз менен элге берип жатасыздар. Ушул жагы кандай болуп калат. Эмнеге 10 пайыз болуп жатат?
Айда Төлөгөнова, мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы:
- Германиялык Өнүктүрүү банкынын талабы ошондой болуп жатат. Башында сүйлөшүүлөрдүн негизинде 14 пайыздык деп талап коюптур. Сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп 10 пайызга түшүрүлгөн. 2021-жылы биз дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 8 пайызга түшүрдүк.
И.Матраимов:
- Аида Бейшеналиевна, грант деген түшүнүктү кандай түшүнөсүз?
А. Төлөгөнова:
- Грант деген кайтарымсыз каражаттар да. Бирок алардын келишиминде биз ушул акча каражатты туура колдонсок, алар грант катары кечүү жагы каралган. Азыркы убакта бизде милдеттенме турат.
И. Матраимов:
- Аида Бейшеналиевна, муну жөнөкөй жаранга түшүндүрө албайбыз да. Бизге грнат менен келип жаткан акчаны мамлекет эмнеге пайыз менен берип жатат дешет, бул биринчиден. Экинчиден, Керемет банкты" угуп жатасыздар, мамлекеттик банкта, чоң афера болгон. Бүгүнкү алар жазасын алып жатат. Эми грант болуп келген акчаны биз өзүбүз чечишибиз керекпи же Германиянын айтканын жасашыбыз керекпи? Эмне үчүн грант болуп келген акчаны процентке беришибиз керек? Эмне үчүн мамлекеттен берилген акча менен келген гранттарды өзүңөр коммерциялык банктар аркылуу берип жатасыңар? Эмне үчүн каржы компаниясын түзүп түздөн-түз берсеңер болбойт?
А. Төлөгөнова:
- Биз бул сунуштарды өнүктүрүү банкына жөнөткөнбүз. Дагы да сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Биз мурдагы сүйлөшүүлөрдө да ижарага берүү маселесин айтканбыз.
И. Матраимов:
- Аида Бейшеналиевна, алар бизге грант берип жатса, алардын талап койгонго кандай укугу бар? Биз ал акчаны мамлекеттик кызматкерлеге кредит кылып берип жатсак, алар 10 же 12 үстөк пайыз менен бергиле деп талап кое алабы, эмнеге?
А. Төлөгөнова:
- Ооба, коюшат. Акча каражаты ошолор берип жатат, ошондуктан алардын да талабы бар.
И. Матраимов:
- Акчаны алар силерге жардам катары пайдалангыла деп грант кылып берип жатса эмнеге талап кылат? Бул эч бир логикага сыйбай жатат да. 500 миң евро деп жатасызбы, чыгымдарга кеткенин. Ал кимге, эмнеге кеткен чыгым?
А. Төлөгөнова:
- Бул келишим Каржы министрилиги менен чогуу сүйлөшүлүп жүргүзүлгөн. Сиздердин сунушту да аларга айтабыз.Чогуу иштешели деп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөлү.
И.Матраимов:
- Кызык болуп жатат да. Сиздер Юстиция министрилинде жеке компания деп турасыздар. Бирок учеридетель 100 пайыз мамлекет. Мамлекет учридетель болгондон кийин 100 пайыз өзү көзөмөлдөп, мугалимдерге, врачтарга узак мөөнөткө үй берип жардам кылалы деп жатат. Анан каяктан Каржы министрлиги менен сиздердин ортоңуздарда аласа-бересе болот? Ошондо мамлекеттин ичиндеги мамлекетпи?
А. Төлөгөнова:
- Грант, кредиттер боюнча кепилдикти өкмөт берет. Ошол үчүн бардык сүйлөшүүлөр Каржы министрили аркылуу болот.
И. Матраимов:
- Каржы министрлиги аркылуу болсун, ага каршылык жок. Каржы министрлиги болгону гарант болуп берет. Ал жасаган ишине 500 миң алып калышы керекпи? Ошол 500 миңге мугалим, врачтарга үй салып берсе болбойт беле, ал акча каяка кетти?
А. Төлөгөнова:
- Алар боюнча үч компанент бар болчу. Электрондук проталды ишке киргизишип, 14 жер үйдүн долбоорун жасап бизге беришкен.
И. Матраимов:
- 500 миңди алар өздөрү алып алдыбы ошондо?
А. Төлөгөнова:
- Жок, биздин эле жеке подрядчиктер жасап беришти.
И. Матраимов:
- Менин айтайын дегеним, былтыр да катуу сөз болду. Силердин алган айлыгыңарга чейин кириштик. Бир жылдан бери эч нерсе өзгөрбөптүр. Экөөбүз да 2-3 жолу сүйлөштөк эле. Элди биринчи ойлогулачы. Келген гранты силер коммерциялык банктарга берип, алар өздөрүнө иштеп, үстөк пайызын өздөрүнө алып калышууда. Алар жеке кызыкчылыгын гана көздөйт. Силер данныйларды топтой турган гана техникалык ишкана болуп жатасыңар. Эмне үчүн сиздер каржы компаниясын түзбөй жатасыздар? Келген гранттар эмнеге коммерциялык банктарга кетип жатат деп сурап жатам...
А. Төлөгөнова:
- Келишимдерге каржы министрлиги кол коет, биздин полномочиебиз жок. Биз аткаруучу гана компаниябыз.
И. Матраимов:
- Мен төө десем сиз бээ деп жатасыз. Коммерциялык банктарга акча бергенди токтотпойсуздарбы деп жатам.
А. Төлөгөнова:
- Азыр акча банктарга берилбей калды. Азыр каражаттын баары курулушка салынды. Өкмөт өзү курулушту баштады. Биз мурдагыдай үй таап келсе акчасын төлөбөй калдык.
И. Матраимов:
- Ушун башынан эле айтсаңыз болот беле? Мен каражатты коммерциялык банктарга бербей, өзүңөр түз иштеткиле дегенди түшүндүрө албай жаткам...
Чынында, Ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова өз ишин түшүнбөй турганын, кандай милдетти аткарышаарын такыр билбей турганын Искендер Матраимов кабыргасынан коюлган суроолорду берип, анык жүзүн ачып берди. Маанилүү тармакты бээ десе төө деген Төлөгөновага окшогондор жетектеп турганда түк жылыш болбой турганы айдан ачык көрүндү
Булак: NazarNews.kg