www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскар Акаевдин ишмердүүлүгүн чын дили менен коргоп, колдогондор четтен табылат. Акаев үчүн Чолпонбай Түлөбердиевче ДЗОТко төшүн тоскондордун бири Бекболот Талгарбеков. 2005-жылы Аскар Акаев бийликтен куулган соң депутат Акылбек Жапаров өңүн өзгөртүп жаңы бийликтин финансы министри болуп, инисин депутаттыкка көрсөткөн. Бирок Рахат Ирсалиев инисин «дубалап» кеткен.  Бекболот Талгарбековго жаңы бийликтен «куда» түшүп келишкен. Арийне, Аскар Акаевич менен иштештим эле деп Бекболот мырза сылык баш тартып койгон.

2021 жылы ал кездеги финансы министри Жапаров Кумтөр үчүн Аскар Акаевди күнөөлөп чыккан. Акаевдин көрсөтмөсү менен 2003 жылы Кумтөр боюнча топтун курамына ал кездеги экинчи чакырылыштагы парламенттин депутаты Акылбек Жапаров кирген. Парламенттин депутаттарынын демилгеси боюнча, «Центерра Голд Инкти» түзүү тууралуу маанилүү документтер, 2003-жылдын 31-декабрында өкмөттүн жыйынында Макулдашуу кабыл алынган. 2005-2006-жылдары Акылбек Жапаров Кумтөр боюнча жумушчу топтун жетекчиси болуп калган. Ошол кезде комиссиянын башка мүчөлөрү менен ал 2003-жылдын 31-декабрында чынында өкмөттүн жыйыны болбогонун, ал эми «Центерра Голд Инк» түзүү чечими сурамжылоо жолу менен жасалганын, бул мыйзамдарды одоно бузуу болуп эсептелерин айткан.

2004-жылдын 4-январында ошол кездеги юстиция министри Курманбек Осмонов бул компаниянын түзүүсүнө тыюу салган бир дагы нормативдик-укуктук акт жок экенин билдирген. Ушундай шарттарда Кыргызстан 33% үлүшкө ээ болгон «Центерра Голд Инк» түзүлгөн.Кызыгы, компаниянын Торонтонун фондулук рыногуна чыгуусунун алгачкы эле күнү өлкөнүн жетекчилиги 84 млн АКШ долларга акциянын бир бөлүгүн сатып жиберүү чечимин кабыл алган. Ошентип, республика компаниядагы 15% акцияга гана ээлик кылып калган.

Эми Бекболот Талгарбековго кайрадан келсек, ал жан-дили менен мындай пикирин айтыптыр: «Мен Аскар Акаевичти мамлекеттик ишмер ааламга аты чыккан тараган окумуштуу катары билем жана сыйлайм. Бул адам менен иштешкендигиме сыймыктанам, мен аны саткан эмесмин жана бүгүнкү күнгө чейин жакшы мамилемди сактап келем, Акаев акыркы жылдары илимге баш-оту менен киришти. Анын саясатка көңүл бөлүүгө убактысы да, каалоосу да жок. Анткени менен, Кыргызстандын тагдырына күйгөн адам деп ачык айта алам».

Кыргыз Республикасынын туңгуч Президенти Аскар Акаев да . Бекболот Талгарбековго минтинтип жазыптыр:

 «Урматтуу Бекболот!

Менин кадырман досум!

Эң оболу сенин маараке жаш курагың менен чын дилимден куттуктайм! Сага чың ден соолук,кажыбас кайрат, ынтымак –ырашкерлүү үй-бүлөңө жакшылык каалайм!

Сен экөөбүз алгачкы ирет Илимдер Академиясынын имаратында таанышканыбыздан бери отуз жылдан көбүрөөк убакыт болуп өтүптүр. Сен ал кезде Кыргызстандын эл чарбасынын кыр аркасы  болгон айыл чарба тармагындагы таланттуу, көптөн үмүттөндүргөн жаш окумуштуу болчусуң. Академияда иштегендердин көбү сенин Кыргызстандын агрардык секторун илимий инновациялык –инновациялык кайра куруу боюнча алдыңкы  идеяларыңа суктанышчу. Көзүм жетип эле турат, эгер СССР ыдырап кетпегенде, сен өз тармагыңда ири окумуштуу болмоксуң. Бирок, бактың тоодой экен, сенин шыбагаңа эгемен Кыргызстанда  тарыхий жер реформасын жүргүзүүдө өз идеяларыңды жана демилгелериңди практика жүзүндө ишке ашыруу милдети туш келди.

Реформа, албетте, биздин айыл тургундарына көп артыкчылыктарды берди. Анткени, алар кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу рынок шарттарына эртерек ыңгайлашып, жерге болгон ээликтин даамын биринчилерден болуп татышты. 90 – жылдардагы оомал –төкмөл кезинде мезгилде сен айыл чарба министри, губернатор кызматында да, өкмөттүн вице – премьер –министри кызматында да өзүңдү солк этпеген, туруктуу реформатор катары көргөздүң, республикабыздын айыл эмгекчилердин көпчүлүгүнүн урмат-сыйына арзыдың.

Акыркы 15 жылда конструктивдүү оппозициянын лидери катары өзүңдүн нукура саясий ишмерлерге: өлкөнүн патриотуна, эл кызыкчылыгын көздөгөн адамга гана мүнөздүү эң мыкты сапаттарыңды көрсөттүң. Эң башкысы, Кыргызстандын эли сенин мамлекетчил, өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына көкүрөгүн тосо коргогон инсан экениңе ынанышты.  Сенин эркиңди бийликтин, өзгөчө Атамбаевдин саясий куугунтуктоолору да, эч бир жазыксыз түрмөгө отургузуп койгону да сындыра алганы жок. Сенден соттуулукту алып, эч кандай шарт койбой туруп толук акташканда гана «адилеттик салтанат курду» деп айта алам. Мен үчүн эң кымбат нерсе 2005-жылдан кийин шакирттеримдин, тарапташтарымдын көбү мени мени жана биздин адилет, туура ишибизди сатып кетишкенде, Бекболот досум, сен мага берилгендиктин сейрек үлгүсүн көрсөттүң. Ошондуктан, мен эгемен Кыргызстан жаңыдан телчиге баштаган кыйын жылдарда менин жанымда сендей, урматтуу Бекболот, өз элинин патриоту, реформатор, даанышман мамлекетчил адам үзөңгүлөш жүргөнүмө кубанам.

Урматтуу Бекболот!

Менин кадырман досум!

Сен бүгүн саясий даанышмандыктын туу чокусу болгон куракта туулган күнүңдү белгилеп жатасың. Кыргызстандын мындан ары позитивдүү өнүктүрүүгө өзүңдүн салмактуу салымыңды кошконго мүмкүнчүлүгүң бар, республиканын мамлекеттик түзүлүшүн жакшыртуу боюнча жакында жарыяланган программаң буга далил. Эгер өлкөнүн жетекчилиги бул программаны пайдаланып, ишке ашырчу болсо, Кыргызстандын иши илгерилеп, өркөнү өсүп, эл кыйла жакшы жашай баштайт. Кудай сага күч-кубат, ден соолук берсин! Сен бүгүн өз элиңе, Ата –журтуңа өзгөчө керексиң. Дагы бир жолу торколуу тоюң менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Аскар Акаев, Кыргыз Республикасынын туңгуч Президенти»

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости