www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жаңы долбоорго Жогорку Кеңештин укуктарын күчөтүш керек болчу”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Жаңы долбоорго Жогорку Кеңешке: Салык чогултууну, Тариф ставкасын-аныктоону, Салык кызматынын жетекчисин жана орун басарларын бекитүүнү, республикалык бюджеттин аткарылышын контролго алуу үчүн, Эсептөө палатасынын толук составын төрагасы менен шайлоону. Мындай полномочия Жогорку Кеңештин укуктарын күчөтүп, аткаруу бийлиги республикалык бюджетти сунуш кылып жатканда, ар бир тыйынын далилдеп бергенге, керектүү тармактарга гана каражатты бөлгөнгө, бюджетти үнөмдүү, максаттуу пайдаланганга, каражатты контролго алганга жакшы болмок. Ушундай норма Америкада иштейт. Ошол жактыкын алгандан кийин, эмнеге мунусун “көрбөй” калышты дейм да”, - дейт Исаков.
Булак: NazarNews.kg