www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кабулдагы жардыруудан 20дан ашуун адам өлдү

Ооганстандын борборундагы билим берүү борборунда экзамен учурунда жардыруу болгонун Al Jazeera өкмөттүк булакка таянуу менен билдирди.

Кабул полициясынын өкүлү Халед Задран телеканалга жардыруу болгондугун тастыктап, полиция кошумча маалыматты кийинчерээк берерин убада кылды.

Телеканалдын маалыматы боюнча, жанкечти окуу борборунда жанкечтилик чабуул жасап, 20дан ашуун адам каза таап, 30дан ашуун адам жарадар болгон.

Жардыруу болгон билим берүү борбору батыштагы Дашт-и-Барчи районунда жайгашкан.

Эске салсак, буга чейин Кабулдагы билим берүү борборунда жардыруу болгону маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости