www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө жапайы кендирди даярдап жаткан жеринен үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын кызматкерлери кызмат өтөп жатып, Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын четине жакын жердеги талаадан шектүү адамдарды байкашкан.

Милиция кызматкерлери жакындаганда шектүүлөр талаадан качып кетүүгө аракет көрүшкөн. Бирок, көпкө узабай алар милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн.

Кармалган үч жаран тең Каракол шаарынын тургундары, мурда соттолгон 33 жаштагы Ж.А., 35 жаштагы Ю.В. жана мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбаган 33 жаштагы А.Р. болуп чыкты. Алардан жапайы кендирдин өзгөчө жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган.

Алардын айтымында, жапайы кендирди даярдоо үчүн атайын айылдын четине келишкен.

Кармалгандар Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул факт райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, алардан алынган өсүмдүк заты баңги затынын кайсы түрүнө таандык экенин аныктоо үчүн изилдөөгө жөнөтүлдү.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн аракетине юридикалык баа берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости