www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Биз руханий байлыкты топтошубуз керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.
--“Биз келечек, руханий идеологиялык маселелер жөнүндө баяндама жасап, кыргыздын дүйнө таанымы, тарыхы философиясы менен айырмаланган кубаттуу империя курганын, кыргыздар буга чейинки тарыхында кандай өзгөчө эл болгонун айтып жүрөбүз. Бирок элдин аң-сезими оңолушу кыйын болууда. Бүгүнкү күндө коомдогу көйгөйлөр менен күрөшүүдө кризистин себептери менен күрөшпөй натыйжалары менен алпурушуп жатабыз. Ошондой эле руханий байлыктан ордун материалдык байлык ээлегенин, туура эмес жүргүзүлгөн саясат ички, тышкы миграцияны күчөтүп, коопсуздукка кооптуу кырдаал жаралды. Мамлекет камсыз кыла турчу нерсе - мектеп жашындагыларга тегиз билим берүү, болбосо мунун арты караңгылыкка алып барат. Тарбиялоонун мыкты ыкмалары мурунтан ишке ашырылып келген, кыргызда идеология бекем сакталган. Ошондуктан биз руханий байлыкты топтошубуз керек”, - дейт Кошалиев.
Булак: NazarNews.kg