www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Келечекте Кыргызстан илим менен маданияттын өлкөсүнө айланышы керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.

--“Элибиздин акыл казынасынан жарал­ган - “адам бол, түз жүр, ата-энени урматта, мекенди, элди сүй, ушак айтпа, уурулук кылба, ак сүйлө, улууну сыйла, кичүүнү ызаатта, атаңа наалат келтирбе, уяттуу, адептүү бол, суу сыйлаган зор болор, нанды кесир кылба, кыздуу үйдө кыл жатпайт, оомат оошот, билим жугушат, өнөрлүү өлбөйт, тегиңди бил, атанын уулу бол” деген сыяктуу не бир асыл баа даанышман ойлор элдик тарбиянын көөнөргүс кенчи болгон. Жеке адамдын ар тараптуу жетилүүсүндө бир гана анын укугуна басым жасоо бир жактуулукка алып кетерин турмуш көрсөттү. Эң башкысы инсандагы чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачып, кесиптик билим менен бирге адамдык насилди ыйык таза сактап, ар бир адамдын өзүн-өзү таануусуна шарт түзүү зарыл.

Билим-тарбия тармагын жөнгө салуу менен кесипкөй, ар тараптуу даярдыгы бар адистерди, болочоктун кадрларын даярдоо аркылуу Кыргызстандын бардык тармагын максаттуу көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү. Келечекте кыргыз мамлекети илим менен маданияттын өлкөсүнө айланышы керек. Ан­сыз биз алдыңкы элдердин катарына кошула албайбыз. Дат баспаган, жок болбогон байлык - бул илим, билим жана руханият”, - дейт Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости