www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Карапайым калктын калың катмарына байкалбашы мүмкүн. Бирок бизге ачык эле көрүнүп турат. Дегенибиз, Айзаданын өлүмүн саясатка айлантып, министр Улан Ниязбековду шантаж кылгандай жарандык коом көтөрүлүп, активисттердин, бейөкмөтчүлөрдүн ультиматум койгону оркоюп калды.
Булардын артында АКШ департаменти, элчилиги турганы жалганбы? Кичине илинчек болгон жерден чыр салууга, өлкөдөгү туруктуулукту бузууга, жалпы хаосту эңсөө менен бараткандарга кандай чара колдонуу керек? Мындай бузукулук иштерди уюштургандарды камоо зарыл. Митингге, пикетке чыгуунун көйгөйү, муктаждыгы болот. Бул жерде кеп башка.
Аныгында, Айзаданын өлүмү боюнча Бишкек ШИИБ башчысы Бакыт Матмусаев менен орун басарлары, Биринчи Май РИИБнин начальниги Казакеев, баш-аягы 44 милиция кызматкери жазаланды.
Министр коомдук пикир менен эсептешип, ушунчалык чегинүүгө барып, шалаакылык кылган жетекчилерди кызматтык иликтөөнүн натыйжасында мыйзамга ылайык энчисин берди. Улан Ниязбеков ошондогу каргашалуу окуяда Тажикстанда командировкада жүргөн.
Кызыгы, кыйкым издегендерге канчалык гумандуу, дипломат болгон сайын башка чыга башташты. Эми Американын «шпиондорун» жазалап, четинен камакка алуулар башталса тартип орнойт го?..
Булак: Азия News гезити