www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жаңы Баш мыйзам элдин үмүтүнө, кызыкчылыгына багыт алды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.

--“Кыргызстан 30 жылдан бери туруктуу багыт ала албай кыйналып келет. Мунун баары Аскар Акаевдин доорунда башталды. Себеби, ал элди демоктратия кылып таратып жиберди. Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондо эле кайсы чоң долбоор менен кетебиз. Экономикалык багыт кандай болоору баары так, туура болуш керек болчу. Тилекке каршы азыркы күнгө чейин чайналышып, бир туруктуу жолго түшө албай жүрөбүз. Ошол кездеги бийлик эл менен эсептешпей, укпай койду. Андан кийинки өлкө башчылары өзү билемдикке салышты. Бирок эл чыдабай, күзүндө адилеттүүлүктүү, мыйзамдуулукту орнотуу максатында бир толкуну болду. Октябрь окуясынан кийин конституцияны жаңылоо жана башка пландар башталды. Садыр Жапаровго эл ишеним көрсөттү. Ал дароо 3 нерсени айтып, жаңы Баш мыйзамды кабыл алууну туура көрдү. Анан Курултай конституциядан орун алды. Жаңы Баш мыйзам элдин үмүтүнө, кызыкчылыгын актаганга багыт алган конституция болду деп эсептейм”, - дейт Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости