www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны аныктоо боюнча келишимдин чоо-жайын депутаттарга айтып берди.

Ташиев кол коюлган келишимге ылайык Өзбекстан 4485 гектар, Кыргызстан 19699 гектар жер алганын билдирди.

Кыргызстан төмөнкү жерлерди алган:

Гавасай аянты – 12949 га;

Ала-Бука районундагы Көк-Серек айылы - 105 га (Кыргыз Республикасынын жарандары жашайт);

Ала-Бука районундагы Баястан айылы - 212 га;

Унгар-Тоо тоосу - 35 га;

Кара-Суу районунун Ак-Таш айылы - 100 га;

Ала-Бука районундагы Кара-Белес айылы - 25 га (мурда Өзбекстанда болгон);

Шарихан-Сай каналынын бир бөлүгү - 19,5 га (каналдын башталышы Өзбекстанга жакын 19,5 га);

Сузак районуна - 500 гектар кошумча;

Өзгөн районуна - 500 га кошумча;

Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы - 1009,5 га (толугу менен);

Ала-Бука районунун Көк-Серек, Биринчи Май айылдары - 1307 га;

«Аэропорт», Жетиген, Кербен Аксы району - 571 га;

Ноокен районунун Шамалды-Сай айылы - 1088 га;

Араван району - 148 га;

Кадамжай районунун Көк-Талаа, Пылдырак айылдары – 1013 га.

УКМКнын башчысы Орто-Токой суу сактагычы жана Өзбекстан компенсациялаган жерлер Кыргызстанда калганын белгиледи.

"Көптөгөн адамдар Орто-Токой Өзбекстан тарапка өтүп жатат деп туура эмес маалымат таратып жатышат. Суу сактагыч бизде калганын белгилегим келет", - деди ал.

Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жер Өзбекстанга өткөнүн эске салды.

"Сууну эки өлкө тең башкарат, биргелешкен ишкана түзүлдү. Ошол эле учурда Өзбекстан жээк сызыгына техникалык жабдууларды орнотпойт, Кыргыз Республикасынын жарандары сууга эркин жете алышат", - деп түшүндүрдү ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости