www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Камила Талиева интеллигенциянын өкүлдөрүнө кайрылды

Экс-министр, саясатчы Камила Талиева NazarNews маалымат агенттиги аркылуу интеллигенциянын өкүлдөрүнө кайрылды.

--“Руханий маданият-адамдардын аң-сезими, туюп-билүүсү жана кабыл алуусу. Ошондуктан азыркы келечек кандай болсо ошондой кабыл алат.  Андыктан билимдүү улуу муундагы инсандар муундан муунга, укумдан тукумга туура таалим-тарбия беришибиз абзел. Элдик илим-билим, адаттары жана каада - салттарды, социалдык жана үй-бүлөлүк жашоосу менен байланышкан, искусствонун жакшы багыттарын, элдик чыгармачылык, диний ишенимдер жана жөрөлгөлөр тууралуу үйрөтүшүбүз шарт. Мен учурдан пайдаланып интеллигенциянын өкүлдөрүнө кайрылат элем. Андыктан келечек муунга туура багыт берели. Руханий байлык баарынан баалуу. Мисалы, экономикалык кризистен чыгуу оңой. Кандай болбосун каражат маселсин чечип, чыгып кетсе болот. Бирок руханий кризистен чыгуу кыйын. Мамлекеттүүлүктү жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргыз жарандарынын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоо үчүн улуулардын өрнөктүү ойлору маанилүү. Жаштар үчүн табылгыс зор руханий байлык. Көпчүлүк руханий байлык, адамгерчилик, акыйкат жана чындык деген категорияларды унутуп калды. Руханий байлыкты ким сактап келген, албетте ата-бабалар. Ошондуктан биз сактап, кийинки муунга татыктуу калтырышыбыз керек”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости