www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дилшат Нажмидинов кыргыз элине кайрылуу жасады.

Ал тынчтыкта жана ынтымакта жашаш үчүн азыркы кабыл алына турган Конституцияны колдоп берүүгө чыкырды.

«Менин сиздерге кайрылуумдун себеби 11-апрелдеги боло турган шайлоодогу жаңы Конституциябыздын кабыл алуусуна тиешелүү.

Буга чейинки 2010-жылынын 27-июлунда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын парламенттик башкаруу формасына да кабыл болдук. Бул Конституциядагы мыйзамдар аркылуу иштер жарым жартылай бүтүп, бирок анда койулган көп иштер ишке ашкан жок.

Тилекке каршы, анын аткарылбай калган себебинин бири ушул парламенттик-презинденттик башкаруусуна таянып ар тараптан, ар кандай күч пайда болду. Бийлик колунда барлардын бардыгы мамлекетибизди чоң коррупциялык жолдорго алып келип, хаоско айланып, кризиске батып калдык, туруктуулук жок болуп мамлекетке инвесторлор да келбей калды.

Ыйгарым укукту бийлеген бийлик монополияга айланып, ар бир чиновник, ар бир колунда кызматтык күбөлүгү бар адам (кээ бир депутаттар, министирлер) өз кызыкчылыгын ойлоп жеп-жутарларга айланып, 50-60 квартира, 20-30 авто унаа жана ушуга окшогон байлыктарды басып алышып, карапайым адамдардын жашоо турмушун ойлогон өкмөт башында аз болду.

2021-жылдын 10-январындагы өткөн президенттик шайлоодо өлкөбүздүн президенти кылып бир добуштан Садыр Нургожоевич Жапаровду шайлап алдык.

Мамлекетибиздин экономикасынын өнүгүшүнө зор салым кошот деп ишенебиз жана туруктуулук орнотуп, эл аралык инвесторлор менен келишим түзүп, жарандарыбызга бир топ жумуш орундар пайда болот деген ишенич чоң.

Ошону менен азыркы кабыл алына турган Конституция президенттик башкаруу формасына өтүп, кэңири артыкчылыктарга жана ыйгарым укуктарга ээ болуп ошого ылайык жооп берүүгө милдеттерин алып жатканын да билдирүүдө. Бул кубантаарлык иш. Ошондой эле, ыйгарым укуктарды борборлоштуруу жана аларды бир багытта алып барууга жардам болот.

Ошондуктан, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө биз да салым кошуп өз жерибизде, элибизде тынчтыкта жана ынтымакта жашаш үчүн азыркы кабыл алына турган Конституцияны колдоп берүүгө чыкырам», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости