www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин бир жылдан берки ыйыбызды, арыз-муңубузду уга турган адам жок, көңүл бура турчу бир тиешелүү орган жок. Бийлик дагы кайдыгер карап жатат, деген Ош облусундагы Кара-Суу базарынын ишкерлери президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышты.

Алардын айтымында, буга чейин мыйзамдуу түрдө сатып алган орундарын эми базардын башчысы менен мүлк фонду алардан мыйзамсыз алып койгону жатышат.

"КР соттору тарабынан чыгарылган чечимдер менен бекемделип келгенине карабастан КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кайрадан эл сотко кайрылып менчик укугун тааныбай талашып келүүдө", - дешти чындык издеп чыркыраган ишкерлер.

Аны менен бирге эле, учурда Кара-Суудагы “Тураталы” базарында талаш-тартышты көзөмөл кылып, “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКнын мүлктүк менчик укугуна КР эономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан жаратылган талаш-тартыштарды, мыйзамга туура келбеген соттук отурумдарды токтотууга жардам берүүнү суранышты.

Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Булак:NazarNews.kg 

 

Последние новости