www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чек арадагы эл абдан кыйналды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова.
--“Кыргызстан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара маселеси абдан көйгөй болуп жатканы барыбызды түйшөлтөт. Советтик өлкө болуп турганда бул мамлекеттер менен ушундай талаш маселе жаралат деп эл дагы, бийлик дагы ойлогон эмес. Чогу, аралаш жашап келгендиктен баарыбыз билген эмеспиз. Тилекке каршы 30 жылдан бери аягына чыкпаган көйгөйгө айланды. Буга байланыштуу ар кандай уруштар, адам өмүрлөрү кыйылды десем болот. Коңшу өлкөлөр менен байыртадан кыз алышып, беришип куда болуп келсек, акыркы жылдары бул ынтымак дагы ыдырады. Азыркы бийлик чек ара маселесин чечтик дешүүдө. Эгер чечилсе абдан жакшы болот. Бул маселени эртерээк чечпесе кыргыз эли менен тажик элине кыйын эле болуп жатат. Ал жактагы көпчүлүк айылдарда кыргыз менен тажик эли аралаш жашап келишет. Бир ызы-чуу чыккандан бери коркунучтуу болуп турат. Бийлик жер алмашуу менен чечилет дегенде дагы бир маселе жаралат. Ошондуктан кылдат чечим чыгаруу зарыл”, - дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg