www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда кадр саясаты чоң көйгөйгө айланды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Кыргызстан кадр саясатынан аксайт. Бул маселе чоң көйгөгө айланды. Мен билгенден канчалаган мыкты кадрлар акыйкатсыздыктан жумуштан четтетилген. “Акыл жаштан” деген сөз бар. Мен айтаар элем акыл баштан деп. Жаштардын энергиясын, улуулардын акылын пайдаланып, экономиканы алдыга тартышыбыз керек. “Кытай кереметинин атасы” аталган Дэн Сяопин өнүктүрүү тууралуу программаны 83 жашында  жазган. Кытай эли азыркыга чейин ошо менен иштешет. Дэн Сяопин бийликке 1976-жылы келген. Ал Кытайдагы экономикалык реформаларды баштаган. Ошондой эле Кытайдын саясий системасы кандайдыр бир деңгээлде либералдаштырылышына да салым кошкон. Ошондуктан Садыр Жапаров жаштарды эле эмес, улуу муундагы адамдарды ишке тартып, айкалыштырып койсо өзүнө дагы жеңил болот”, - дейт дейт коомдук ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости