www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жаштар менен улуу муундагыларды бирдей кызматка алуу шарт”, - деди NazarNews маалымат агенттигине легендарлуу парламенттин” депутаты, саясатчы Кемел Ашыралиев.

--“Улуу адамдар туура кеңештерин берип, жол көрсөтсө жаштар ошону угуп, иш кылышы керек. Ошону менен катар заман талабына жараша өнүгүүгө багыт алышы шарт. Себеби, күн сайын дүйнөдө өнүгүү, өзгөрүүлөр болуп жатат. Буга байланыштуу дүйнө таанымы кенен адистер дагы иштеши керек. Мен айтаар элем ар бир жетекчи алдыңкы тепкичтен көтөрүлүшү зарыл. Бардык тепкичтен өткөндө  гана өзүнө тиешелүү иштерди мыкты билип, жакшы аткарып кете алат. Бизде дароо эле жаштарды чоң кызматтарга алып келип коюшат. Аларга тажрыйба жетишпей жаңылышып калышат. Анан эле эл кымгут болуп калабыз. Ошондуктан ар бир тармакка өзүнүн адистерин башчы кылуу керек”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости