www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен видеоконференция аркылуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень дагы катышты.
Видеоконференцияда аралык кылмыштуулукка, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, региондо коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды.
Ошондой эле «Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы коопсуздук маселелери боюнча диалог» ведомстволор аралык кызматташтык механизминин алкагында социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча пикир алмашуу болду.
Иш-чаранын катышуучулары кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Булак: NazarNews.kg