www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Аял – жазсың, аял – күзсүң, Аял – жайсың, аял – гүлсүң. Аял дебе, аял – эне, Дүйнөдө теңдешсиз асыл жансың”- деп ааламдагы бүткүл аялзатын даңктап ырдаган кыргыз эстрадасынын ажарлуу ырчы айымы- Кенже Дүйшеева. Кенже- адамдарга тиешелүү асыл бийик сапаттары, таланты, эрке мүнөзү менен элдин алкышына татыган айым!
- Кенже айым, жаз мезгили келип, алдыда эл аралык айымдар күнү келе жатат. Бул күндү кандай өткөрөсүз?
- Мезгилдердин арасынан мен жазды чыдамсыздык менен күтөм. Жаз жан дүйнөмө абдан жакын. Жазды ээрчип келген айымдардын майрамы да мен үчүн эң маанилүү майрамдардын бири. Жыл сайын жакындарымдын курчоосунда майрамдап өткөрөм.
- Бул майрамда кандай белек алганды жактырасыз?
- Кандай белек болбосун, анын өзгөчөлүгүнө басым жасайм. Жыпар жыттуу атырларды жактырам. Жездеңер жана “Жебе” тобундагы балдарым да бул нерсени жакшы билишет.
- Сиз үчүн идеалдуу айым ким?
- Ар бирибиз жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун алган инсанды идеал тутабыз. Мен үчүн, мени жарык дүйнөгө алып келген – апакем. Апам- менин идеалым. Бала кезде ар кимди идеал тутат экенсиң.Тилекке каршы жашоонун агымында жашың өйдөлөгөн сайын, өмүргө болгон көз карашың өзгөрүп, көзүң ачылып жакшы-жаманды иргеп калган кезде чыныгы идеалың апакең болуп чыга келет экен. Ал эми бүгүнкү күндү айтсам, үй бүлө менен өз жумушун бирдей алып жүргөн айымдарыбыз жок эмес. Бул айтканга оңой болгону менен иш жүзүндө оор эле. Бирок эки жакты тең аксатпай жүргөн күчтүү айымдарды жан дилимден сыйлайм.
- Учурда бир кыздын бактылуу энесисиз. Пландоо болуп жатабы?
- Апам он баланы жарык дүйнөгө алып келди. Бүткүл өмүрүн балдарына арнаган жан эле. Көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөндүктөн мен да көпчүлүктү жакшы көрөм. Менин Томирис аттуу бир кызым бар. Учурдагы эң маанилүү тилектеримдин бири дагы наристелүү болуу. Үй-бүлө мен үчүн биринчи орунда, ал эми чыгармачылык экинчи орунда турат! Жаратканым берерин унутпасын!
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg