www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Курманбек Бакиев телефон аркылуу NazarNews агенттигине Дубайда 17-февралда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусу тууралуу интервью берди:

– Саламатсызбы, Курманбек Салиевич, ден-соолугуңуз кандай?

– Саламатсыңар, рахмат, баары жакшы.

– Президент Садыр Жапаровдун баардык президенттерди жолуктуруу демилгесин кандай баалайсыз?

– Сөзсүз түрдө оң баалайм. Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт, биздин мамлекет үчүн гана эмес, бүткүл дүйнө үчүн дагы азыркы опурталдуу абалда ал коомду ынтымакка келтирүүнү көздөп жатат, ал жолугушууда Садыр Жапаровдун өзүнүн жеке кызыкчылыгы болгон эмес. Баардык маселелер менен байланыштуу ал мурдагы президенттерди туш келди күнөөлөп-сындап, популизм жолун тандап алса болмок, бирок Жапаров оңой эмес, анткен менен туура жол тандады жана бул – анын адам катары дагы, саясий жактан да өскөнүн көрсөтөт.

– Жолугушуу чындыгында кандай өттү, анткени анын ар башка катышуучусу ар башка маалымат берип жатат…

– Жалпысынан алганда, жолугушуу тынч эле өттү, ага катышкандын баары Садыр Жапаровдун демилгесин колдоого алды жана жыйынтыгында – жеке араздашууларды четке чыгарып, элдин биримдиги үчүн тигил – муну, бул – тигини колдогон адам деп элди бөлүп-жарууну токтотуп, иштин мазмундуулугу тууралуу ойлош керек деген чечимге келдик.

Кошумчалай турган дагы бир гана нерсе, мындай форматтагы жолугушуу мен үчүн эле эмес, бардыгыбыз үчүн күтүүсүз болду.  Анткени жолугушууга келгендердин биринчи реакциясынан эле байкалып турду.

– Жолугушуу тууралуу Атамбаевдин айткандарын, өзгөчө сиз тууралуу сөздөрүнө сиз эч кандай комментарий берген жоксуз…

– Атамбаевдин сөздөрүнө анын басма сөз катчысы комментарий берсин, жыйындын башка катышуучулары деле айтпадыбы – баарыбыз аягына чейин отурдук. Атамбаевге сөз тийгенде, ал деле Жапаровдун демилгесин колдоду. Бирок бир нече рюмка алгандан кийин ал өз сөздөрүнө ээ болбой калды.

– Менин билишимче, Сизге карата кабыл алынган сот чечимдерине каршы арыз жазуу мөөнөтү өтүп кеткендей. Бул иштерди сиз кандай түшүндүрөсүз жана ага катышканыңызды кандай карайсыз?

– 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте жана андан кийин июнда түштүктө курман болгондордун өлүмүнө ким күнөөлүү экенинин акы-чүкүсүн мен азыр талдагым келбейт, бирок анда менин күнөөм такыр жок. Ушул жана башка аны менен байланышкан маселелер боюнча тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айтканмын.

Муну өзүнчө талкуулаш керек, азыркы биздин кыска интервьюда менден Дубайда өткөн жолугушуу тууралуу гана жооп берүүгө макул болгонмун.

– Чоң рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости