ВИДЕО- Кыяс Молдокасымов: “Ата-бабаларыбыздын каны төгүлүп, Эгемендүү мамлекетке жеттик”
Саясат  |   |  580

“Ата-бабаларыбыздын каны төгүлүп, Эгемендүү мамлекетке жеттик”, - деди кечээ, 31-августта NazarNews маалымат агенттигине тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

--“Кытай барактарында Кыргызстандын 3 миң жылдан ашык тарыхы бар. Андыктан бул 30 жыл деген бир аз гана бөлүгү. Эгемен алабыз деп ата-бабаларыбыз кан төгүп, канчалаган кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүшкөн. СССРден бөлүнүп 30 жыл мурда араң өз алдынча мамлекет болдук.

Ушул аралыкта абдан көп окуялар болду. Ар кандай саясий кырдаалдар орун алды. Бирок ошого карабастан элибиз сабырдуулук менен келе жатат. Башкысы мамлекетибиздин бүтүндүгү ыдырабасын. Кыргыз элин эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктайм!, - дейт тарыхчы.  

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями