www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада бир банка кофени уурдап кетмекчи болгон жаран бир муш менен өлтүрүлдү. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышкан.

Маалыматка караганда тармактык продукта дүкөнүндө иштеген кыргызстандык мигрант кассир болуп иштейт. 26 жаштагы Нурланбек уулу банкадагы кофени кардар уурдап алгандыгын байкап калган. Жумушчу жер төлөгө уурулук кылган кишини алып түшүп, камерадагы жазууну көрсөтмөкчү болгон.

Ошол учурда уурулукка шектүү киши сөгүп, жумушчуларды коркута баштаган. Нурлан уулу буга чыдабай ичине бир муштап, башына тээп жиберген.

Кассир кишини банкоматка алып барып, эсебинен акча чечтирип алган, бирок 50 рубль жетпей калгандыктан, Нурлан уулу ал суммадан кечкен.

Бир нече күндөн кийин токмок жеген киши ооруканада каза болуп калды. Дарыгерлердин айтымында Нурлан уулунун ичине муштаган соккудан улам кишинин көк боору жарылып кеткен.

Орусиялык маалымат каражаттарынын маалыматында кассир полициядан бир жума жашырынып жүргөн. 29-январда Москва облусунун аймагында кармалып, тергөө абагына жеткирилди. 30-январда кыргыз мигрантынын баш коргоо чарасы каралганга чейин Москва комитети  абакка калтырууну чечти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости