www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында чыр чыгып, ок атышуу болду. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине жеринен Адылбек Акматов билдирди.

Аталган маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Чек аймагындагы 50 сотых жер тилкеси үчүн тургундар ортосунда пикир келишпестик орун алды. Аталган жер тилкеси изилденбеген аймакка кирет, бирок Кыргыз тарап бул участокту пайдаланып келет. Жер тилкеси үчүн 30-40ка чукул кыргыздар менен 30-40тай тажиктер бири-бирине таш ыргытышып, уруш учурунда ок дагы атылды.

“Окуянын курчуп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек арачылары асманга бир нече ирет ок чыгарышты. Абал турукташып, чек аранын аймагындагы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бирок бул учурда Тажикстандын чек арачылары Кыргыз тарапка күтүүсүздөн миномёттук ок чыгарышты", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал оор деп бааланууда. Чырдын кесепетинен жабыркагандар бар же жок экени такталууда деп кошумчалашты Чек ара кызматынан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости