www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү хирург, өмүрүнүн 70 жылын медицинага арнаган Мамбет Мамакеев Эне жана баланы коргоо борборунун жана шаардык балдар оорууканасынын дарыгерлеринин камалышы боюнча пикирин билдирди.

Анын пикиринде дарыгерлердин күнөөсүн далилдебей туруп камап коюу, бул жалпы медицина тармагында эмгектенгендерди кемсинтүү болуп саналат.

"Мындай багыт менен кете берсе, жарым жылда хирургдардын 30%ы камалат. Анткени бизде көбүнчө оору өтүшүп кеткенде келишет. Мисалы, каза болгон 3 жашар бала "курч кармаган курсак оорусу" менен келген. Мындайча айтканда, анын ичегиси түйүлүп калган. Бул учурда ичеги 3-4 сааттын ичинде тешилип, перитонитке алып келет. Мындайда бейтаптын өмүрүн сактап калуу мүмкүн эмес. 

Андыктан каза болгон баланы ата-энеси өз убагында же кечигип ооруканага алып келгенби, деген суроо туулат. Албетте дарыгерлерден да ката кетет. Бирок, тиешелүү комиссия түзүп, бардык жагдайды иликтебей туруп, дарыгерлерди камап койгон туура эмес. Бул жалпы дарыгерлердин намысына шек келтирет", - деди Мамакеев.

Эскерте кетсек, буга чейин “Кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренеси боюнча шектелип беш дарыгер кармалган. Алардын бөгөт чарасын Бишкектин Ленин райондук соту 30-декабрда карап, дарыгерлерди 10-январга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Маалыматка ылайык, ушул иш боюнча дагы бир дарыгердин бөгөт чарасы каралып, үй камагы тандалган. Эне жана баланы коргоо борборунун дарыгерлери Кылмыш жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен шектелип кармалган.

Буга өткөн жылдын ноябрь айында аталган ооруканада каза болгон 3 жашар баланын өлүмү себеп болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости