www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким экенин азыр тактайбыз, анткени Рахмон президент болгондон бери Кыргызстан алтынчы президент менен иштешип жатат. Мындай маалыматтар өтө жашыруун болот. Бирок, кандайдыр бир «утечка» аркылуу  жалган, чыны билинбей элге чагылгандай тарап, официалдуу адамдар бекемдеп айтпагандан кийин, эл оозунда кала берет. Рахмон менен чырдашпаган ашына президенттер жок болсо керек. Ал Өзбекстандын президенти маркум Ислам Каримов менен Бухараны талашып мушташа кеткен. Бирок, жансакчылар өз убагында ажыратып калып, кудай сактаган. Ушундай эле окуя кыргыз президенттеринин бири менен болуп, ал «стойкага» туруп, урганда да так мурунга уруп, Рахмондун мурду кыйшайып калган экен.

Албетте, аны президент Аскар Акаев урган жок. Ал аман эле болсун, кыздай созолонгон илимпоз болчу. Кокус, Рахмон менен тиреше кетсе, Эмомали Рахмон баса калып жеп жибермек. Борис Николаевич Ельцин элдик фольклорду өтө баалай турган. Жаңы эгемендүүлүктү алган Кыргызстанга келгенде, ал адаттагыдай эс-мас болгуча катуу ичип алат да кашык менен кантип барабан ойной турганын башкаларга үйрөткүсү келет. Ага барабан катары Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев кашка башы менен туруп берген. 1992- жылы Казакстандын  президенти Нурсултан Назарбаев жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Ташкенде жолугушуу болот. Борис Николаевич бул жолугушууда да ашыкча ичип алат. Чоң кашык менен өз чекесин жана айланасындагыларды барабан ойноп ургулайт. Айласы кеткен өкмөт башчысы  Егор Гайдар менен Орусиянын Коргоо министри Павел Грачев аны эки колунан алышып, эптеп алдап-соолап жетелеп кетишет. Булар тууралуу орус маалымат булактары жазып жатат. Арийне, Аскар Акаевдин тажик оппозициясы менен тажик бийлиги жарандык согушка чейин жетип, бири-бири менен былчышып жатканда ортого түшүп, данакер болуп, эки тарапты Бишкек шаарына чакырып, бириктиргени бар.

Андан кийинки президент Курманбек Бакиев намысты бекем туткан президент болгон. Анын үстүндө жаш кезинде спорттун эркекче түрү бокс менен машыккан. Ал президент болгону үч жыл Владимир Путин, эки жыл Дмитрий Медведев Орусияга президент болуп турган. Курманбек Бакиев 2009-жылы  23-июлда экинчи мөөнөткө президент болгондо, анын президенттик инаугурациясынын алдында ЖККУнун саммити болуп: Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Белорус президенти Александар Лукашенко, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Ысык-Көлгө чейин келишип, президент болгонун куттуктап кетишкен. Кыргыз эли каада-салтты өтө кадырлаган эл, айрыкча мейманга келген адамдарга кол көтөрүүгө болбойт. Ошондуктан, Эмомали Рахмон Кыргызстанга ал жолу келгенде  таза эле кетсе керек. Балким башка мамлекеттерге барганда, кычаштык кылып тийише берсе, чыдабай кетип мурдун жалпайта чабышы толук мүмкүн.

Андан кийин бир жылдан ашыгыраак президент болгон Роза Отунбаева чапканына алиби боло турган жагдайлар бар. Биринчиден, ал аялзаты болгондуктан, чокуша кетсе, мурдуна чапмак эмес, андан көрө бетин тытып алмак. Экинчиден, ал кезде ШКУлаш, ЖККУлаш, КМШлаш мамлекеттер деле Кыргызстанды тааныбай, карым-катнаш сээлдеп калган. Балким Эмомали Рахмон менен жолугушкандыр, балким жолугушкан да эместир. Роза Отунбаева президент болгону Вашингтонго Барак Обамага барып жолуккан.

Атамбаев президент болгондон баштап Москвага биринчи иш сапары менен барып «отметка» кылып коймой үрп-адатка айланды. Алмазбек Атамбаевдин жини-чукул болчу. Эмомали Рахмонду көрсө таяк жеп алдына калса дагы, жакалаша кетмек. Ошондуктан, «КАСА-1000» долбоору боюнча өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековду жөнөткөн. Азыр деле Тажикстан менен өзгөчө кырдаал болуп турганда, кокус ал президент болуп турса, күйүп жаткан өрткө бензин чачмак. Тиги жакта афгандык талибандар табалап турганын карамак эмес.

Сооронбай Жээнбеков президент кезинде да, башка убактарда да токтоолуктун символу болуп келатат. Эмомали Рахмон канча дардалаңдабасын токтоолугун карматып, кол салмак эмес, унчукпай коймок. Азыр өз алдынча офис ачты. Кечээ эле жетим көпөлөктөй тегеренип жүргөндөр, бүгүн саламга да келбей калганын сезсе да ачыптыр. Салт боюнча туура кылган.

Президенттик такка отурган Садыр Жапаров президент болгону Владимир Путин, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзияев менен жолугушту. Тажик президенти Эмомалы Рахмон менен мурчуңдашып жүрөт. Орусия ЖККУнун мүчөсү, ошондуктан, ЖККУнун эки мүчөсү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чырга калыс кароого аракет кылууда. Ал эми Тажикстанга курал-жарак көбүрөөк бергени бул чырга байланыштуу эмес. Бул Афганистандан  АКШ аскерин чыгарып кеткен соң, ага коңшу Тажикстан чек арасын бекемдеп алсын деген кеп. Бул ЖККУнун талабы, бул өзүнчө сөз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости