www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жети, Ферганада бир бала жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" дарысынан зыян тартты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Олтиной Эсанова билдирди. Анын маалымдашынча, төрт бала сакайып ооруканада чыкты, учурда үч баланын абалы оор, алар бейтапкананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Quramax компаниясы 2022-жылы алып келген бардык дары-дармектерди сатууну токтотууну тапшырган. Бул тууралуу Gazeta.uz. басылмасы жаңы министр Амрилло Иноятовдун дарыканаларга жолдогон катына шилтеме кылып жазган.

"Терең текшерүүнүн жыйынтыгында "Док-1 Макс" жана "Амбронол" дарылары тиешелүү талапка жооп бербегени аныкталды. Бул дарылардын айрым серияларында пропиленгликолдун ордуна этиленгликол жана диэтиленгликол бар экени белгилүү болду, айрым учурда уулуу заттардын баары чогуу аныкталган учурлар катталды",-деп белгиленген катта.

Индиянын Marion Biotech компаниясы Өзбекстанда 19 баланын өлүмүнөн кийин жөтөлгө каршы “Док-1 Макс” дарысын чыгарууну токтоткон.

Өзбекстанда өткөн айда ушул дарыны ичкенден кийин саламаттыгы начарлаган 22 баланын 19у чарчап калган. Саламаттык сактоо министрлиги "Док-1 Макс” дарысынан уулуу этиленгликол заты табылганын маалымдаган. Ошол кездеги министр Бехзод Мусаев каза болгон балдардын ата-энелеринен кечирим сурап, шалаакылыкка жол бергендер мыйзам алдында жоопко тартыларын билдирген. “Док-1 Макс” таблеткалары жана сироптору Өзбекстандын бардык дарыканаларынан алынып, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө баштаган.

Индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган бул дары парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды, сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg


Последние новости