www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 “Манас” эл аралык аэропортунда бажы кызматкерлери баңгизат ташыган топту кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган топ баңгизаттарды АКШдан эл аралык почта компаниясы аркылуу алганы такталган.

“Атайын операция Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы жана УКМКнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн. Баңгизаттын жалпы салмагы 2 килограмм 99 граммды түзгөн. Кармалгандардын батирин тинтүү маалында баңгизат жана бет кап алынган. Шектүү: И.А. жана А.А. баңгизатты  Telegram мессенджери аркылуу сатышкан. Иштин бардык материалдары Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары жүрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews

Последние новости