www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирск шаарында турак жайдагы газ жарылуудан каза болгон кыргызстандык аялдын сөөгү мекенине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 9-февралда турак жайда газдын жарылуусунан Айжаныл Калмурзаева жана анын күйөөсү жабыркаган. Анын омурткасы сынып, Цивян атындагы Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, ага операция жасалган. Дарылоо фазасын аяктагандан кийин ал реабилитациялык борборго которулган.

Башкы консулдук үй-бүлөгө сөөктү кабыл алуу боюнча тиешелүү документтерди даярдоого, ошондой эле кыргыз диаспорасы менен биргеликте сөөктү мекенине ташууга жана жөнөтүүгө жардам берген.

Новосибирск шаарындагы Кыргыстандын Башкы консулдугу берген маалымат боюнча, каза тапкан адам Кыргызстандын жараны, анын жолдошу жана балдары Россия Фекдерациясынын жарандыгын алышкан.

Последние новости