www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин иш башкармалыгы менен министрлер кабинети Жогорку Кеңештин депутат айымдарына жаңы кызматтык автоунааларды берет. Аларга буга чейин Chevrolet Captiva унаалары көрсөтүлгөн.

Буга чейин эл өкүлдөрү жетинчи чакырылышта иштей баштаганда берилген кызматтык унаалардын мөөнөтү 2016-жылы аяктаганына нааразы болгон.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өткөн аптада Баткен облусунун жергиликтүү бийлик башчыларына жаңы кызматтык унааларды тапшырды. Тактап айтканда, Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларынын мэрлери кызматтык унааларды алышты.

Эске сала кетсек, 90 даана Chevrolet Captiva автоунаасы өлкөнүн аймактары үчүн президенттик аппарат тарабынан сатылып алынган. Мамлекет башчынын менеджери Каныбек Туманбаев республика боюнча тейлөө паркы жаңыланып жатканын белгиледи.

«Кээ бир эскирген унааларды колдонуу мүмкүн болбой калды, анткени аларды оңдоого кеткен чыгым иш жүзүндөгү колдонуудан кымбат», - деди ал.

Эске салсак, парламентте болгону 18 аял депутат бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости