www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин учурда Германиядагы медициналык жайлардын биринен текшерүүдөн өтүп жатканы белгилүү.

Ал 6-февраль күнү дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен дарыланууга кеткен.

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жамаат менен Ташиевге дуба кылды. Бул тууралуу «Регион» телеканалынын башчысы жазды. 

Эскерте кетсек, буга чейин 5-февралда Камчыбек Ташиев дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен чет өлкөгө кетип жатканын билдирген.

«Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар. Мен силердин жардамыңарга муктажмын. Буюруса баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн», - деп билдирүү жасаган УКМКнын төрагасы.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости