www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман кыштагында 26 жаштагы майыптыгы бар кыз таята, таенесинин ур-токмогуна алынып, зомбулук көргөнү тууралу видео тараган.

Ал эми бул боюнча жактоочу Шердор Абдыкапаров айрым маалымат булактарына жабырлануучунун атынан анын 27 жаштагы агасы Алтынбек Артыкбек уулу кайрылганын билдирген. 

Шердор Абдыкапаров бул маалымат боюнча 9-февралда кыздын агасы менен чогуу Казарманга барып, тийиштүү укук коргоо органдары, соттук- медициналык экспертизага кайрылышарын маалымдаган. 

--"Биз кызды Бишкекке алып келип, атайын кризистик борбор же майыптыгы бар адамдар үчүн жайга жайгаштыралы деп жатабыз. Соттук-медициналык экспертиза да өткөрөбүз", - деген жактоочу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости