www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициялардын укугун коргобосок болбой калды. Мындай пикирди журналист Мелис Арыпбек NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Кыргызстанда качанкыга чейин эле милиция саясий оюндардын куралы болуп, алар курмандыкка чалына берет. Бул Аскар Акаевдин доорунан бери келе жаткан көрүнүш. Кийин дагы канча төңкөрүлүш болду. Алардын милиция кызматкерлери жабыркайт, ошону менен катар куралдуу күчттөрдүн, УКМКнын кызматкерлери саясий оюндарга курал болушту. Айрымдары каза болуп калышты, бул жаман көрүнүш. Мен милициялардын укуктары тууралуу көп китептерди жаздым. 2010-жылкы көтөрүлүштөн кийин ак жеринен курмандыкка чабылган милиция кызматкерлери мени “кыргыз милициясынын абалын жакшы түшүнөсүз” деп Кыргыз милициясынын укугун коргоо комитетин түзүп, ага мени төрагасы кылып шайлашкан.

Ошондон бери ушул тармакта жүрөм, көптөгөн милиция кызматкелеринин маселелерин көтөрүп келебиз. Чындык үчүн чыркыраган күндөр болду.

Ал эми 5-6-октябрдагы окуяларда Кашкар Жунушалиевдин буйругу менен дагы милиция кызматкерлери курал болду десем болот. Кыргызстанда жөнөкөй бир балабыз курман болсо, айрым жарандарыбыз ден соолугунан ажырады. Ушундай абалга жеткирбей Кашкар Жунушалиев, УКМК мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев экөө ушул күнү тартипке салыш керек эле. Тилекке каршы алар алдындагы  кызматкерлерин таштай качып, жумушка келбей коюшту. Азыр алардын каякта экенин дагы эч ким билбейт. Алар кызматкерлери менен бирге болушу керек болчу. Бирок алар коркоктук кылып, милицияны дагы курал катары колдонушту. Биздин өлкөдө милиция кызматкерлеринин ар намысы тебеленип, укуктары корголбой жатканы өкүндүрөт. Буларды мыйзамсыз иштерге түртүшүүдө. Булар айла жок жетекчинин сөзүнөн чыга албай, өз жумуштарын аткарышат. Ак эмгектери бааланган жок. Айлык маяналары көтөрүлгөн эмес. Кыргыз милициясы коомчулукта кордолду десем жаңылышпайм. Мени коомдо булардын баркы түшүп кеткени өкүндүрөт. Андыктан Садыр Нургожоевичке, коомчулукка кайрылам. Буларды саясий оюндарга колдонбой, коргоп алалы. Айрым жерде тайгаланып кетишсе, алдыга сүйрөйлү. Кыйын эр - азаматтарды иштетип, көтөрөлү. Садыр Нургожоевич сиздин доордо кыргыз милициясын садага чапканды токтотолу. Укугун коргойлу, булар дагы бирөөнүн балдары”, - дейт Мелис Арыпбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости