www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз диаспора кеңешинин төрагасы Кубанычбек Осмонбеков Орусиядагы мекендештер кирди-чыкты кылууда эмнелерди билиши керектигин түшүндүп берди.

Анын айтымында, каттоого турчу мигрант Орусиядан Казакстанга кирип-чыгарда эки нерсени эске алышы зарыл.

"Биринчиден, кирди-чыкты кыларда көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүп жатканда документтеги "кирүү максаты" деген жерин карап койгон оң. Аны карап текшерген соң миграциялык картаны алыңыздар. Айрым учурларда чек ара кызматкерлери "транзит" же "менчик" деген пунктуну көрсөтүп коюп жатат. Кирди-чыкты кылчу адам "жумуш" деп келиш керек. Экинчиден, Орусиядан чыгып, Казакстанга киргенде, кайра ал жактан чыгып, Орусияга киргенде гана мыйзам боюнча чек арадан туура өттү деп эсептелет. Кээ бири ID-картасы менен эле нейтралдуу аймакта туруп Орусияга кирип жатат. Мындай кирди-чыкты жарабай, айрым мекендештер каттоого тура албай убара болууда", — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусияда эмгектенген жарандарыбыз үчүн катаал талаптар менен рейд башталганы айтылган.

Эске салсак, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 чамасында Ульяновск облусунун Николаев районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 14 кыргызстандык каза болуп, үчөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

Кырсыкка кабылган жарандар Орусиядан кирди-чыкты кылуу үчүн Казакстандын чек арасынан өтүп бара жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости