www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президентинин кызы, Маданият менен искусствону өнүктүрүү фондунун төрайымы Саида Мирзиёева социалдык тармакка тарап кеткен үйлөнүү тоюнда колуктусун чаап жиберген күйөө боюнча пикирин билдирди.

"Биз баарыбыз цивилизациялуу өлкөдө, бай жана бактылуу жашоону каалайбыз. Демек, ар бирибиз аялдарга зомбулук көрсөтүлбөш керек деген нерсени катуу карманышыбыз керек. Мындай көрүнүштөргө унчукпай коюуга, андайлар бирин-серин деп көз жумууга болбойт. Эң башкысы, ошол акылы аз жигит менен ал кыз тууралуу талкуулап жатып биз да жаңылышып, балдардын мектептен кийин билим алышына тыюу салбашыбыз керек. Уулдарыбызды эртерээк үйлөнтүп, кыздарыбызды эрте күйөөгө берүүгө шашылбай, өз акылы менен жашоого тыюу салып адашпайлы. Ошондуктан, адамды алдыга жетелеген, кыз-келиндерди күчтүү жана эркин кылган билим керек. Билимдүүлүк андан ары кандай жашашты өзүң тандап алгыдай мүмкүнчүлүк берет", — деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармакта үйлөнүү той учурунда күйөө баланын болочоктогу жубайын төбөгө чаап жиберген видеосу тараган. Анда жигиттин салтанат учурундагы уюштурулган оюнда жеңилип калганына ачууланып кол көтөргөнү жазылган.

Окуянын болжолдуу түрдө Өзбекстанда болгону айтылган эле. Кийинчерээк аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы ал окуянын видеосу 6-июнда Сурхандарья облусундагы Узун районунда тартылгандыгын аныктаган. Маалыматта тойдон кийин түгөйлөрдүн чогуу калганы айтылган.

Тартип сактоочулар келинге кол көтөргөн "азаматты",  Х.Р. аттуу жаранды тапкан. Ал Өзбекстандын Административдик кодексинин 183-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде жоопко тартылып, иш сотко өткөн. Маалыматта, мындан сырткары, жаш түгөйлөргө жана алардын ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости