www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта келин өз баласын аёосуз сабап жаткан видео тарады.

Видеодогу аял баланы денесинин ар кайсы жерине уруп, маал-маалы менен көтөрүп, силкип турат.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, окуя Самарканд облусунда болгон. Төшөктө отурган аял баланы далыга чаап, аны оодарып, силкип, анан дененин ар кайсы жерлерине ого бетер катуу ура баштаган.

Оорукананын бөлмөсүндө тартылган делген видеодо окуя учурунда токмоктолгон бөлмөдөн балдары бар башка аялдар чыгып кеткени көрсөтүлгөн.

Аял баланы уктабагандыгы үчүн сабаган деген божомолдор айтылган.

Облустук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди. Баланын сабалгандан кийинки абалы тактала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости