www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада ММА турниринде көрүүчүлөр менен спортчулардын ортосунда массалык муштуш болду. Бул тууралуу РИА Новости Спорт билдирди.

“Витязь-Ногинск” клубунун машыктыруучусу Павл Муртазиндин айтымына караганда провокация массалык мушташ боло электе эле башталган. Бирок, уюштуруучулар менен күзөтчүлөр бейбаштарды токтото алган эмес.

“Башаламандык болуп жатты. Массалык мушташ боло электе эле ар кандай провокациялар башталган. Калыстардын коридордо урушу, тебүү, түртүү, спортчулар клеткага жете алышкан эмес. Мунун баарын көрүүчүлөр кылды. Алардан тартипти сактоону суранышкан, бирок алар көңүл бурган эмес. Күзөтчүлөр тынчтандырууга аракет кылышты, бирок аларды да тоготуп коюшкан жок. Бөтөлкөлөр менен ыргытышып, андан ары массалык мушташка айланып кетти”,- дейт Павл

Машыктыруучунун айтымында , анын спортчуларынын денесине жаракат келтиришти. Бирөөсүнүн башын чаап, экинчисинин телефонун алып кетишкен.

“Баардык көрүүчүлөр жана спортчулар массалык мушташка катышкан жок. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү токтотууга аракет кылышты. Урган бир адам, телефон алып кеткен бир адам, ушулар өздөрүнүн жазасын алыш керек. Күнөлүүлөрдү таап, аларды жазалаш керек”,-дейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости