www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райондук жана облусттук гезиттерди жоюп аларды облусттук телевидениянын карамагына өткөрүү демилгесине Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков караманча каршы экендигин билдирди.

Оптимизациялоо маселеси убагында президенттик администрациясынын башчысы Фарид Ниязов жана маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова тарабынан түртмөлөнгөн гана идеология болгондугун айтып, учурда ал демилге эмнеге азыркы маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан колдоого алынып, аны ишке ашырууга белсенип жаткандыгына кызыкты. Министрдин орун басары Нуржигит Кадырбековдун айтымында оптимизациялоонун жыйынтыгында 64 штаттык бирдик кыскарып, андан 3.5 миллион сом үнөмдөлүп калары пландалган. Бул жоопко ачууланган Момбеков айына 4 миң сом алып, жанын баккан райондук гезиттин кызматкерлерин кыскартып, 3,5 миллион сом үнөөмдөөнүн ордуна өккмөт мүчөлөрүнө бажы, салык кызматында 40 миң сом маяна алып “тайраңдап” жүргөндөрдү кыскартууну сунуштады.

Ошондой эле ал жакында башка бир жерде эмес, УКМКнын имаратынан 200 миң доллар жоголгондугун айтып, премьер-министрдин бажасынын баласы “КТ Мобайлда” 300 миң сом айлык алып иштеп, анын 27 штаттык бирдигине өкмөттөн 168 миллион сом бөлүнгөндүгүн эске салды. Ошол эле учурда маалымат департаментин чекеге чыккан чыйкан экендигин айткан эл өкүлү анын министрликке эч бир кереги жок экендигин кошумчалап, убагында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) өлкөнүн ЖМКна бөлүнгөн акчанын 81 миллион сомун аталган департамент кымтып кеткендигин маалымдады.

Андан сырткары, Момбеков райондук, облусттук гезиттердин жоюлушуна каршы пикирлерин билдирип айрым акимдер ага кат жүзүндө кайрылып жаткандыгын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости