www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Райымбек Матраимов 2 миллиард сомду элди жана Садыр Жапаровду колдоо катары төктү. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Надира Нарматова NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 26 - февралда билдирди.

--“Райымбек Матраимов орун басар болуп турганда ал өз алдынча эч кандай коррупциялык иштерди жасай албайт болчу. Эгер ал мамлекеттин казынасына кол салып, акчаны уурдап жатса ошол учурда УКМК же башка тиешелүү органдар эмнеге текшерип, чара көрүшкөн жок. Мисалы, ошол убактагы Матраимовдун жетекчиси Кубанычбек Кулматов, президент Алмазбек Атамбаев каякты карап турду? Бир адам эч нерсе кыла албайт, ал катардагы эле бир кызматкер. Бул жөн гана каралоо же саясий күчтөрдүн кызыкчылыгы десем болот. Атамбаев Матраимов менен 7 жыл иштешкен. Эгер Райымбек Матраимов ууру болсо, коррупционер болуп мамлекеттин казынасынан каражат алса эмнеге кылмыш ишин козгобой жүрдү? Эмнеге аны өстүрүп, чоң кызматка көтөрдү? Атамбаев облустук жетекчиден республикалык жетекчиге алып келген. Райымбек Матраимов 2017 - жылдан бери Бажы кызматында иштебейт, бирок ал жерде деле азыркыга чейин коррупциялар болууда. Буга Райымбек Матраимовдун тиешеси жок. Кубанычбек Кулматов же башка Бажыдагы жетекчилер эмнеге жемкорлук боюнча суракка алынбайт. Азыр ага мамлекетке акча төктүрүп, кайра камап салышты. Ал жигиттик кылып баарынын артын жаап, мамлекетке акчаны чогултуп төгүп берди. “Актыгымды далилдейм” деп качпай, көгөрүп отурат. Реалдуу жашоодо калыстык жок болуп жатат. Бизди ушул өкүндүрөт. Андыктан акыйкат чечим болсо. Матраимов боюнча бейөкмөт уюмдар бир максат коюп алышкан. Алар Матраимовдун сүрөтүн көтөрүп чыгып алып, кыйкырып жатып элдин мээсине сиңирип коюшту.  Булардын бузукулугунан канчалаган кыйын кадрларыбыз алсызданды. Жаңы президент шайланса дагы бул тема токтобойт. Али Токтакунов сыяктуу адамдар Сапар Исаковдой болгон мамлекеттин бюджетинен акча уурдагандарды айтып чыгышпайт. “Азаттык” Ош окуясы, Дача-СУ жана башка көп иштерди ачыктап иликтесин. Тапкандары Райымбек эле болуп калды. Эл деле бир адамга асылгандан тажап бүттү. Матраимов сыяктуу бай адамдар өлкөнүн жети дубанында бар. Алардын байлыгын дагы анализдеп көрүшсүн. Мамлекеттин казынасына кол салган эмес. Ал кыйын жигит экен, өз алдынча бизнес кылып, анын жолдорун өздөштүргөн. Ошол тапкан акчасын өзү эле жеп, ичип алган жок, аны карапайым калк менен бөлүштү. Райымбек Матраимов мамлекет кылбаган иштерди жасап элге жардам берген. Мына бир факты жок мамлекетке, элге жардам катары, Садыр Жапаровду колдоп бюджетке 2 миллиард сомду төктү. Бул чоң эрдик. Буга эл дагы, азыркы бийлик жана укук коргоо органдары дагы баа бериши керек”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости