www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда ата-энеси он эки жаштагы кызын улуу баласынын даарылануусуна акча төлөп берүү үчүн улгайган кишиге сатып жиберишкен. Бул тууралуу The Times of India басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, үй-бүлө кызын көптөн бери үйлөнгүсү келген 46 жаштагы кошунасы менен он миң рупияга сатууга келишим түзүшкөн.

Ал эми тойдон кийин дароо эркек киши кызды туугандарына алып барган.

Көп өтпөй анын кошуналары баланын кыйкырыгын жана ыйлаганын угуп, ыйгарым укуктуу органдарга кайрылышкан.

Учурда милиция ал адамдын үстүнөн иш козгоп, сурак берип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости