www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мен мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн эч нерсе айтпай келгем. Эми чындыкты айта турган мезгил келди», - деди бүгүн, 27-февралда NazarNews маалымат агенттигине «Мегаком» компаниясынын кеңешчиси Төрөхан Жунусбеков.

- Төрөхан, акимдерди жана орун басарларын аттестациядан өткөрүп, анан орун алмашып иштесин деген президенттин аракети оң жыйынтык берет деп ишенсек болобу?

- Президенттин акимдерди жана алардын орун басарларын аттестациядан кийин, ротация кылабыз деген ниети бар. Буюрса, түндүктүн кадрлары түштүккө, ал эми түштүктүн кадрлары түндүккө иштей турган болот. Бул ыкма биринчиден, элди бириктирүүгө жардам берет. Экинчиден, коррупция менен туугандашуунун жолун тосот.

- «Мекенчил» партиясынын шайлоого катышпаганы адилеттүү шайлоодон кабар береби?

- Албетте, «Мекенчил» партиясы шаардык жана жергиликтүү кеңештерге катышпаганы, башка баардык партияларга теңдик жана адилеттүүлүк алып келет. Ошондой эле, бийлик бул партияга иштеди деген нааразычылык жок болот.

- Эмнеге эл күткөн жыйынтыкты бере албай жатат, реформалар ишке ашпай жатат деген дооматтар айтыла баштады?

- Садыр Нургожоевичтин кызматка толук кандуу киришкенине аз гана убакыт болду. Түрдүү тоскоолдуктарга, кыйынчылыктарга карабастан реформаларды ишке ашырууга аракет жасап жатат. Буюрса, баары эл күткөндөй болот.

- Баса, экс-муфтий Максат ажы Токтомушев «сабыр кылып тургула. Мен мамлекеттин бүтүндүгү, тынчтыгы үчүн эч нерсе айтпай келгем. Эми чындыкты айта турган мезгил келди» дегени ал жактагы алешемдиктердин баары жакында ачыкка чыгат дегенден кабар береби?

- Дин маселеси өтө кылдаттыкты жана тактыкты талап кылат. Ошондуктан мен ал темада андай мындай деп жооп бергенди туура көрбөйм. Буюрса, муфтийлик кызматка абройлуу аалым элди жакшылыкка чакырып, жамандыктан адаштырганы динге, элге эмгеги сиңген адам курултайда шайланышына тилектешмин. Жакында өтүүчү Ислам дининин курултайына ийгилик каалайм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости