www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ажылык сапарга баруу үчүн тапшырган акчасын кайра ала албай жүргөндөрдөн арыз-даттануулар 1,5 жыл мурда түшө баштаган. Бул тууралуу 26-февралда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын бөлүм башчысы Кубанычбек Абакиров «Азаттыктын» эфиринде билдирди.

Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылык сапар токтотулгандан кийин акчасын кайтарып алууну каалагандарга Муфтият шарт койгонун айтты.

«1,5 жылдан бери кайрылып жүрүшөт. Бир нече жолу муфтиятка да кат жибергенбиз. Акчасын тапшыргандар баары эле бир жыл күтпөйт да. Кайра керектеп калышы мүмкүн. Муфтият «Эгер акчаны кайра алсаңар ажылык тизмесинен силерди чыгарып салабыз» деген талап коюлуптур. Бул коркутуу сыяктуу. Балким муфтият кызматкерлердин бир жылдык айлыгын алып калуу деген жакшы ою болгондур. Бирок биринчи кезекте бул жарандардын акчасы. Алар бердиби, кайра сураганда ошол замат эч кандай шарт койбой эле берип койсо бул маселе көтөрүлбөй калмак», - деп белгиледи.

Дин комиссиясынын өкүлүнүн бул билдирүүсүнө муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт Нурдинов жооп берип, ажылык сапардын акчасы боюнча иш жүзүндө арыздануу болбогонун билдирди:

«Барбай калгандар акчасын алып кетсин деп айтылган. 28 адамдан турган убактылуу республикалык штабдын жарымы муфтияттан болчу. Эгер кааласа алып кетсин деп айтылган. Арызданган жүз адам аноним экени аныкталды. Муфтий ошондо президентке да айтты. Бир кишинин колу менен, дарексиз нерсе менен башталган иш. Арыз болгон эмес. Арыз кийин эле Аалымдар кеңеши аркылуу Финполго берилди».

Белгилей кетсек, 12-февралда Муфтиятттын башкы эсепчиси эки айга камакка алынган.

11-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу боюнча баш тарткан арызын карап, канааттандырган.

12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Токтомушевди өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости