www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сания Токтогазиеваны кимдер коркутуп жатышат?

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева аны үйүнө издеп барган белгисиз адам боюнча милицияга кайрылды. Арызына сүрөт, видео жана телефондук сүйлөшүүнүн аудиосун тиркеп тапшырганын ал 27-февралда билдирди.

Белгилей кетсек, 26-февралда Токтогазиева өзүнүн Facebook баракчасына өзүн Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери, милициянын майору Мирлан Качкынбаев деп тааныштырган адам аны үйүнө издеп барганын, күйөөсү документин көрсөтүүнү суранып, видеого тарта баштаганда башка шылтоону айтып качып кеткенин жазган.

Эксперттин тарапкерлери ага колдоосун билдирип, сөзсүз тартип коргоо органдарына кайрылуу керектигин, зарыл болсо аны коргоо үчүн биригүүгө даяр экенин айтып чыгышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости