www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын агартуу министри Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө

Орусиянын агартуу министри иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-февралда, Өлкөнүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн. 

«Эки министрдин сүйлөшүүсү жылуу жана достук маанайда өттү. Анда Кыргызстандын аймагында мектептердин курулушу жана эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз болду», - деп айтылат маалыматта.

Соңунда Бейшеналиев тараптардын биргелешкен аракеттеринин аркасы менен билим берүү жаатында кыргыз-орус мамилелери тез өнүгүп жатканын баса белгилеп, Кравцовду КРге расмий иш сапары менен келүүгө чакырды. Ал сунушту кубануу менен кабыл алганы айтылат. Россиялык министрдин иш сапары март айына пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости