www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиянын түндүгүндө нөшөрлөп жааган жамгыр чөлдүн кеңири аймактарын “дарыяларга жана көлгө” айлантты, деп билдирет Сауд Арабиянын Habr Ajil маалымат порталы.

Портал чөлдө салынган узун трассаны бойлоп унаалар кантип жүрүп жатканын, жолдун жанында чөлдүн сууга толуп кеткен жерлери бар экенин көрсөткөн видео жайгаштырды.

"Падышалыктын түндүгүндөгү Хаиль аймагындагы чөл катуу жааган жамгырдан кийин чыныгы чоң көлгө айланды", — деп айтылат порталдын маалыматында. 

Ошондой эле, кээ бир жерлерде мөндүр жаагандыктан, жергиликтүү тургундар музду көрө алышкан.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Сауд Арабиянын падышасы кургакчылык маалында салттуу ырым-жырым катары өлкөнүн бардык мечиттеринде жамгыр үчүн дуба окууну буйруган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости