www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Казакстандын чек арасында 11-майдан бери мекенине кайтууну каалаган жүздөгөн мигрант топтолуп калды. Алар Казакстан менен Өзбекстан өкмөтүнөн транзиттик жол ачууну сурашууда.

Казак бийлиги коңшу өлкөлөрдө коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал турукташканга чейин чек араны ачпай турганын билдирүүдө.

Фаррух аттуу өзбек мигрантынын айтымында, мигранттардын көбү орус-казак чек арасында он күндөн бери турушат.

"Биз азыр Оренбург облусундагы «Маштаково» көзөмөл-өткөрмө бекетиндебиз. Машинелер он күн мурун келген. Бажы 11-майда ачыларын айтышкан. Бирок ал күнү Казакстан чек арасын ачкан жок. Бул жерде 400-500дөй киши топтолуп калды. Дагы эки автобус толтура киши бар. Алардын баары Өзбекстан жарандары. Бул жерде кыргыз номери менен 100дөй машине турган, алар өтүп кетишти. Кыргызстандыктарды Оренбургда чогултуп, колонна менен мекенине алып кетишти", - деп маалымат берген. 

Өзбек маалымат булагы 2020-жылдын 7-майында 541 кыргыз мигранты алып өтүлгөнүн маалымдап, Казакстанда өзгөчө абал режими 11-майда аягына чыкканына карабай, коридор ачып бербей жатканын билдирген.

Эске салсак, өзгөчө абал аяктаганы менен казак бийлиги карантин улана бере турганын айтып келет. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости