www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун аймагында 8 жашар кызына ыпылас аракет көрсөткөн деген шек менен атасы кармалды. Жабыркаган кыз, апасы жана иниси менен бирге 22-октябрда Ош шаарындагы кризистик борборго кайрылганы маалымдалган.

Жабырлануучу кыздын апасы бул окуя боюнча Ош ОИИБге арыз жазган.

Апасынын айтымында, жолдошу ичимдик ичпей эле өзүнүн канынан жаралган кызына ыпылас аракет жасаган.

«Мен жолдошумду кызым менен жыныстык катнашта болгонун ушул жылдын март айында көрдүм. Мойнуна алган. Ошондон кийин мени урат, эшикке дагы чыгарбайт. Айбан деле баласын коргойт, мени эшикке чыкса бирөөлөргө айтып салат деп такыр чыгарбайт. Акыркы 3-4 жылдан бери ичимдик ичпей калган. Соо болуп, намаз окуп жүрүп кылган иши ушул болду.

Акыры айласыздан качып кетүүгө аргасыз болдум. 4 балам үчүн ушул убакка чейин жашап келдим, акыры чыдабай калганда качтым», - деди ал.

Ал эми «Ак-Жүрөк» кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, келиндин бара турган жери жок болгондуктан күйөөсүнүн кордугуна чыдап жашап жүргөн.

«Келиндин туугандары дагы жок экен. Жолдошу дайыма уруп келген. Ал тургай сексуалдык зордук-зомбулук да көрсөтүп келгенин айтып жатат. Кызынын денеси титиреп турат. Эч кимге сүйлөбөйт экен. "Жок" же "ооба" деп гана жооп берет. Учурда кыздын абалы начар, кишини жанына жолотпойт.

Апасы Ош облустук ички иштер башкармалыгына күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен кайрылган. Учурда эспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Мындай окуялар сөз менен эле айтылып калат. Мамлекет тарабынан катуу чара көрүлсө адамдар мындай жаман жолго бармак эмес», - деди ал.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, учурда кыздын атасы Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«1983-жылы туулган келин кызы, баласы менен Оштогу кризистик борборго келип, зордук-зомбулукка кабылганын айткан. Ал 23-октябрь күнү арыз менен кайрылды. Биринчи арызында 1979-жылы туулган күйөөсү күч колдонуп урганын, денесине залал келтиргени айтылса, экинчи арызында күйөөсү 8 жашар кызына ыпылас аракеттерди жасалганы жазылган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ал эми жолдошу көрсөтмөсүндө кызына ыпылас аракет жасаганын мойнуна алган эмес. Жубайы телефондон башка адамдар менен жазышканы үчүн урганын айткан.

Учурда милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, окуучу кыз менен психологдор иштешип жатышат», - деди Ж.Аширбаев.

Булак: "Турмуш"

Последние новости