www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сох-Риштан жолу жакынкы күндөрү ачылат, ал эми Сохко коридор ачууга аракет кылабыз. Мындай пикирин Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Сох анклавынын тургундары менен 1-июнда жолуккан учурда билдирди. Муну тастыктаган аудио-жазууну “Азаттыктын” өзбек кызматы жарыялады.

Сохтогу жолугушууда тургундардын бири 1 чакырым жолдо Кыргызстанга көз каранды болуп жатканын, ошол жактан асма көпүрө же жер астынан тоннель казып болсо да коридор ачып берүүнү сурап кайрылганда, А.Арипов бул маселе сөзсүз караларын билдирген. “Албетте, маселелер көп. Биз өткөн жылы Риштан менен Сохтун жолун ачуу маселесин койгонбуз. Бул жол 2 күн иштеди, кийин жыбылып калды. Азыр Кыргызстандын делегациясынын жетекчиси ошол кырдаал үчүн кечирим сурады. Алар ЕАЭБге мүчө болгону үчүн уюмдун талабы боюнча жапкан. Эми Өзбекстан да бул уюмга байкоочу катары кирип жатат. Уюмдагы байкоочу мамлекеттин бардык укуктары болот.

Биздин Кыргызстанга койгон  1-талабыбыз Сох-Риштан жолун кыска убактын ичинде ачуу. Жакынкы күндөрү ачылат. Муну менен Ферганага баруу үчүн жол 80 чакырымга кыскарат. Биздин урматтуу президенттин (ред. Шавкат Мирзиёев) кудурети күчтүү.  Эми Сохко коридор ачууга да аракет кылабыз. Бирок, аны коңшу мамлекет менен макулдашыбыз керек болот. Казакстан башка мамлекеттерге чек арасын жапкан болсо да, Өзбекстанга Мирзиеёвдин аракети менен жабылган жок. Жакында президентибиз Фергана облусуна келип, сиздерге жолугат. Көрдүм, “Чашма” (Чечме) айылындагы жол начар экен, эми биз жолго кетчү материалдарды бекер беребиз, айылыңардын жолун өз колуңар менен курасыңар. Жайыт колдонуу боюнча кыргыз тарап менен маселе болсо, аны тез арада чечүү талабын биз аларга койдук. Аны дагы сүйлөшөбүз.

Фергана облусунун Сох аймагына жакында президентибиз Шавкат Мирзиёев келет, сиздер менен жолугат.

“Чашма” (Чечме) булагын бирөөгө берип койдук десеңер адашасыңар, эч кимге берген жокпуз. Биз эми ошол булактын тегерегине парк курабыз. Булактын суусуна адамдар чөмүлбөшү үчүн тегерегин тособуз. Кыргыз тараптан 3 киши, өзбек тараптан үч киши ошол парктын тегерегин карап, тазалап турат”, – деди Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов.

Мындан сырткары, элдин пикирин угуп, суроолорго жооп берип, алардын сунушун президентке жеткирип барууга, маселелерин чечүүгө убада берди.

Опубликовано Муратом Абдулазизовым Понедельник, 1 июня 2020 г.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости