www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-февралда Өкмөт үйүнүн алдында чек ара маселеси боюнча митинг уланууда.

Митигдин 100гө жакын катышуучулары «Садыр Нургожоевич, элге чык!», «Чек ара маселеси чечилсин!» деген талап коюшууда.

Алар кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек чек арасындагы маселелерди тез арада чечип берүүнү талап кылууда. Катышуучулардын айтымында тажик аскерлери Баткен районундагы Ак-Сай айылындагы 40гектарлык жерде курулуш иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми Көк-Таш айылынын кире беришиндеги жолдун жээгине тажик тарап көчөт отургузуп жатканын билдирип, буга кыргыз бийлиги чара көрбөй жатканын айтууда.

Чек ара коомдук бирикмесинин өкүлү Гүлжигит Исаковдун айтымында, бүгүн президент көйгөй боюнча 2 кишини кабыл алат. Бирок, алар 2 кишиден көп өкүл кабыл алуусун, болбосо элге өзү чыгуусун талап кылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости