www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Атайын аскердик операциянын» максаты - Украинанын аймагында түзүлүп жаткан жана Орусияга коркунуч туудурган «антиорусиялык анклавды» жок кылуу, деп билдирди Орусиянын президенти Владимир Путин.

«Ошондуктан ал жерде согушуп жаткан биздин жигиттер Донбасстын тургундарын да, Орусиянын өзүн да коргоп жатышат», - деди Путин.

Анын айтымында, «атайын операцияга» катышып жаткан орус аскерлери коомчулуктун, анын ичинде жаштардын колдоосуна татыктуу.

Путин ошондой эле, Донбасста жашагандар өздөрүн “орус дүйнөсүнүн жалпы гуманитардык, маданий, тилдик мейкиндигинин» бир бөлүгү деп эсептей турганын белгиледи.

«Бүгүн баары орус агрессиясы болуп жатат деп эсептешет, бирок 2014-жылы Украинадагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Донецк менен Луганск шаарынын тургундары бул төңкөрүштүн жыйынтыгын тааныгысы келбегенин эч ким түшүнбөйт жана билбейт» , - деди орус лидери.

Анын айтымында, украин бийликтери өз мекендештерине каршы согушту өздөрү баштаган жана Орусиянын максаты – аны токтотуу.

Владимир Путин ошондой эле орус аскерлери тарабынан оккупацияланган украин аймактарында мектеп окуучулары Орусия менен Украинанын биргелешкен тарыхын билишпегенин, ал тургай Крым көпүрөсүн жасалма деп эсептей турганын айтты.

«Украинада СССР түзүлгөнгө чейин өзүнүн мамлекеттүүлүгү болбогонун чоңдор деле билишпесе керек», - деди Путин.

Ал белгилегендей, тарыхый окуяларды чечмелөөнүн ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу маанилүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости