www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Талибан» кайсы өлкөлөр менен дос экени айтылды

Ооганстанда бийликти басып алган  «Талибан» кыймылы бүгүнкү күндө коңшулары Өзбекстан, Тажикстан, Иран, Кытай, Пакистан жана башка бир катар мамлекеттер менен жакшы мамиледе. Бул тууралуу Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки Индиянын «StratNews Global» басылмасына берген маегинде билдирди.

Ал Индиянын дипломаттарынын Ооганстанга кайтып келиши Кабул менен Нью-Делинин ортосундагы байланыш жакшырганын көрсөтүп, эки өлкөнүн саясий жана экономикалык багытта позитивдүү мамилеси бар экенин белгиледи.

Сүйлөшүү учурунда Муттаки Ооганстан бардык өлкөлөр менен туруктуу мамилелерди колдой турганын билдирди.

Пакистан, Индия, Кытай, Иран, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия, Орусия, Сауд Арабиясы жана башка араб өлкөлөрү менен жакшы туруктуу мамилебиз бар. Бул мамилелерге келгенде биз стабилдүүлүктү сактап калдык.

Муттаки Ооганстандын аймагы эч бир өлкөгө каршы колдонулбай турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости